top of page

Туура жазууну үйрөнөбүз.

  • janyryk
  • 24 окт. 2020 г.
  • 1 мин. чтения

Жазууда э тамгасы төмөнкүчө колдонулат

1. Кыргыз тилиндеги сөздөрдө э тыбышы сөздүн башталышында келсе, э тамгасы менен, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин келген учурларда е тамгасы менен белгиленет, ал эми созулма түрү бардык учурда ээ болуп жазылат. М.: сөз башында – эгин, эки, элик, эр, эски, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин – бет, жер, желек, темир, тирек, кетмен, беде, бетеге, кеңешме, кереге, ар түрдүү орундарда – элек, эмгек, эне, эрте, созулма түрүндө: ээр, жээк, жээн, керээз, мээр ж.б.

2. Орус тилинен же орус тили аркылуу чет тилдерден кирген бир катар сөздөрдө жана энчилүү аттарда айтылыш өзгөчөлүгүн айрыкча белгилеп көрсөтүү максатында сөз башында, үндүүлөрдөн кийин жана үнсүздөрдөн кийин да э жазылышына жол берилет. М.: сөз башында – экватор, экономика, экран, экскурсия, экзамен, энергия, экспедиция; үндүүлөрдөн кийин – аэродром, аэропорт,поэзия, статуэтка, фаэтон, алоэ, үнсүздөрдөн кийин – мэр, сэр, Чжу Дэ, Улан-Удэ.

Comments


Commenting on this post isn't available anymore. Contact the site owner for more info.
Подпишитесь на рассылку

Маалымат жиберилди. Рахмат!

  • White Facebook Icon
  • White Twitter Icon
bottom of page