Адабият теориясы. АДАБИЯТ-СӨЗ ӨНӨРҮ
- janyryk
- 23 окт. 2020 г.
- 1 мин. чтения
Адам адам болуп жаралып , оозго тил бүтүп , мээге ой уюп, кеп үйрөнгөндөн кийин анын дүйнөсүн сөз онору-адабият аралай баштайт. Наристе чакта энебиз ырдаган бешик ырындагы: Алдей-алдей ,ак бөбөм
Ак бешикке жат бөбөм, — деген саптар менен сыйкырдуу сөз ааламына кошулганбыз. «Адабият» атамасы араб («адеп» деген сөздүн көптүк сандагы мааниси) алынган. Ал эми «адабият» деген кепти биз, кыргыздар, XX кылымдын башында анча-мынча, көбүрөөк Октябрь ыңкылабынан кийин гана колдонууга кириштик, ага чейин жеке түшүнүктө «дастан», «жомок», «казал», «макал», ж.б маанилерде өз-өзүнчө аталып келген .
М. Горький адабиятты «адамтаануу» деп атаган, В.Г.Белинский: «Адабият —элдин аң-сезими, жарыгы, жемиши, алардын жашоо турмушу» — деген. Демек, адабият деген кайсыл заманда болбосун, кайсыл элде болбосун турмушту чагылдырып, эл менен кошо жашап, журт ичинен азык алып, алардын көйгөйүн айтып,бирөөнү сүйүнтүп, бирөөнү күйүнтүп келет экен, айлана-чөйрөнү, коомду таанытып, адамдардын көзүн ачат турбайбы.
Жазуучу турмуш, жашоо тиричилик кандай болсо ошондой калыбында гана фотосүрөтүн тарткандай кагазга түшүрбөйт, ал ага өзүнүн мамилесин билдирет, тилек-ниетин, жакшылык-жамандык жөнүндө түшүнүгүн аралаштырат. Сөз өнөрүндө адабий чыгарма жаратып аткан сүрөткер каарманынын ички дүйнөсүн да, сырткы дүйнөсүн да бере алат. Ошон үчүн «адабияттын»коомдогу кызматтары: биринчиден, дүйнө таанытат,ан-сезимди байытат, экинчиден, эстетикалык ыракат берип, рухий жактан окурманды кубантат, кайгырта, ыйлатат, үчүнчүдөн, адамдарга тарбия берет, бул же тигил жолго түшүүгө, турмуштан тутка табууга, өз ордун издөөгө көмөк көрсөтөт.
Comments