top of page

Адабият теориясы. Экспозиция деген эмне?

  • janyryk
  • 17 окт. 2020 г.
  • 1 мин. чтения

"Майдан" жайлоонун толуп турган кези, Шаркырап агып жаткан көк кашка суусун, көйкөлгөн көк шибери, колхоздун чалкып жаткан жайлоосун, малчылардын магдыраган турмушун сүрөттөөдөн башталат. Аскерде кызмат өтөп кайткан, бала кезинде бирге окуган айылдашы, сабакташы, бала кезде уруп ыйлаьып койчу азыр институттун студенткасы Берметке мурда жазып жүргөн каттарына жооп алам деп үмүт кылып келген Кыдырбек оңчулуктуу сөз укпай, кайтып бара жатканда, анын алдынан мурда бирге окуган жолдошу чыгат.

—...Кудай салбасын, район тополоң эле түшүп калды.

—Эмне болуп?

—Уга элексиңби?

—Эмнени?

—Согуш чыгып калбадыбы?

—Согуш?!

—Согуш, жолдош командир, согуш! Немистер кол салып кириптир, Кыдырбектин кара сур өңү купкуу боло түштү.

...Согуш башталганына үч күн болгон эле.

Бул үзүндү чыгарманын сюжети кайсы нукта өнүгө тургандыгын жана каармандын мындан аркы иш-аракетин аныктай аныктай турган биринчи кабар болуп эсептелет. Чыгарманын негизин түзгөн окуя же окуялар жөнүндө берилген мындай алгачкы түшүнүк экспозиция (лат.—түшүндүрүү) деп аталат. Экспозиция сюжет менен конфликттин өнүгө башташы болуп саналат.

Comments


Commenting on this post isn't available anymore. Contact the site owner for more info.
Подпишитесь на рассылку

Маалымат жиберилди. Рахмат!

  • White Facebook Icon
  • White Twitter Icon
bottom of page