top of page

Адабият теориясы. Образдуулук жана көркөм образ

  • janyryk
  • 31 окт. 2020 г.
  • 1 мин. чтения

В.Г.Белинский минтип айткан: « Философ силлогизм менен сүйлөйт, акын образ, элес менен сүйлөйт, бирок ал экөөнүн тең эле айта турганы бир эле нерсе жөнүндө. Бирөө далилдейт, экинчиси элестүү чагылдырат, экөө тең ишендирет. Биринчисин аз гана эл угат жана түшүнөт, экинчисин баардык эл түшүнөт.

Искусствонун, анын ичинде көркөм адабияттын эң айырмалуу белгиси — бул анын образдуулугу. Маселен, кыргыз жериндеги эле биз көрүп жүргөн тоолор жөнүндө географиялык түшүнүктөр боюнча сөздүктө мындай айтылат: «Тоо-жер бетинде түзөң аймактардан бир кыйла бийик көтөрүлгөн бөлүгү». Бул түшүндүрүүдө эч кандай образдуулук жок. Болгону жөнөкөй маалымат берилген. Ал эми адабиятта, көркөм чыгармада мындай айтылбайт. Эми акындын тоолор жөнүндөгү ырын окуп көрөлү:

Тоого тоолор курамалап курашып,

Узун тартып уламалап улашып.

Алда кайда кебез тартып келаткан,

Кербенчинин төөлөрүндөй чубашып.

Кара зоолор ар кай жерде каркайып,

Катмарлашып, калың тартып заңкайып.

Алмаз сындуу көккө тийген миздери,

Арстандын азуусундай арсайып. (А.Осмонов)

Кандай керемет нерсе. Образдуулуктун касиети миңдеген жөнөкөй сөз менен бере албаган нерсени кыска жана так элестүү бергендигинде. Көркөм чыгармада образдуулук жаратуу үчүн ошол чыгарманын мазмуну, формасы, идеясы жана темасы, сюжети жана композициясы, тили жана каармандар системасы аракеттенет. Жада калса Манас атанын ким экендигин, анын кандайлыгын, көрүнүшүн, мүнөзүн жана баатырлыгын

«мурду тоонун сеңирдей,

Айбаты албарс темирдей» ж.б.у.с образдуу сөз айкаштары аркылуу таанып, көкүрөгүбүзгө киргизебиз.

Көркөм образ — образдуулуктун бир көрүнүшү катары, адабияттын маңызын, жашоосун, кызматын көрсөткөн негизги түшүнүктөрдүн бири . Жазуучу өзүнүн чыгармада берейин деген оюн кандайдыр бир адамдын айланасына топтойт, ошонун жүрүш-турушун, мүнөзүн психологиясын көрсөтөт. Маселен, Ч.Айтматов «Бетме бет» повестинде окуяларды негизинен эки каармандын-Сейде менен Ысмайылдын айланасына топтойт…

Comments


Подпишитесь на рассылку

Маалымат жиберилди. Рахмат!

  • White Facebook Icon
  • White Twitter Icon
bottom of page