top of page

Байдылда Сарногоев "Эне жүрөгү"

  • janyryk
  • 31 окт. 2020 г.
  • 1 мин. чтения

Асман жактан кат-кат булут калдайып, Адыр-жонду имерчиктей айланып, Чакмак чагып, чарт-чурт этип чагылган Кара нөшөр төккөн турат камданып.


Ачык күндүн бүркөлгөнүн карачы, Көйнөк кийбей ойноп кеткен баласы. Ушул нөшөр жаабаса деп уулума Үйдөн тынбайт энесинин санаасы.


Булут тарап асман чайыттай ачылды, Күн желкеден теше тиктеп чакыйды. Эми уулумдун этине ысык өтөт деп, Энесинин капааттыгы ашынды.


Уулу келди бүркөлгөнсүп кабагы, Ошол кезде даяр эле тамагы. Куюп берип чоң ууртаса кубанып, Курган эне калбай жатты жан-алы.


Уулу уктады, төшөгүнө жай жатты, Ошондо да эне тынчып калмакпы?... Кыңкыстаса кыймылдатат акырын Кулунумду бастыбы деп «албарсты».


Жайдыр, кыштыр жайлоо жыттуу илеби, Баласында бардык ою-тилеги. Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен Бизди тууган энелердин жүрөгү.

(Б. Сарногоев)

Comments


Подпишитесь на рассылку

Маалымат жиберилди. Рахмат!

  • White Facebook Icon
  • White Twitter Icon
bottom of page