Кожогелди Култегин: Бир уча, кыргыз, жегиче, бир учак жапон, бүткөрөт.
- janyryk
- 7 дек. 2020 г.
- 5 мин. чтения
10-КЛАСС, 7-КЛАСС...
Жайлообуз биздин Жалгызгыр эле, жанашып сезим жангыздың эле – учкаша калсаң мен минген атка, уланткым келчү жай-кыштыр деле.
Булкунган айгыр – экөөбүз минген, булкунган дүйнө – экөөбүз билген. Чакчыгай учуп жалт берип бирок жармаша калсаң – жалбырттап ийгем!
Туйлаган айгыр – экөөбүз минген, туйлаган дүйнө – экөөбүз билген. Пар-р этип торгой үркүтсө бирок аркамдан алоо шар-р этип тийген!
Ат үстү жыргал, ат үстү өргүү! Ашыгып дайым күтөмүн өрдү – өзүңө тартсаң кучактап, Шөлбүр, өөп ийгим келчү өйдөлүштөрдү...
Карабай – көктө кыргый-куш барбы, каалаймын эңкүү... сен жылмышканды – өзүңдөн-өзүң жабышсаң, Шөлбүр, өөп ийгим келчү ылдыйлыштарды...
Көп сөздөр чыкпай – киңкилдеп-көөшүп... көңүлдөр турчу силкилдеп өсүп – азынап ийген айгырдан бизге алаамат сезим диртилдеп өтүп!!!
Шөлбүрөк, Шөлбүр, Шөлбүрүм менин! Шөкөттөйт дилди мөлдүгүң сенин! Мөөрүңдөй көрөм, дээриңдей көрөм мөңгүнүн желин, мөңгүнүн демин!
Жайлообуз биздин Жалгызгыр эле, жанашып сезим жангыздың эле – учкаша калсаң мен минген атка, уланткым келчү жай-кыштыр деле.
О-о, анда ышкын кезибиз, ырас – 10-класс, 7-класс... “Жигитиң барбы?” – деп сурап сенден, жиниңе тийгим келди эле бир аз...
“Жигитиң барбы?” – азыр да сурап, жиниңе тийгим келип жүр бир аз...
СЕН БАЛПАГАЙ, МЕН БАЛПАГАЙ
Сен балпагай, мен балпагай, сейилдесек – тең чаңкап-ай. Бирге олтурдук жыйындарда бир башкача мээр жайпап-ай!
Күлүшөт не – койгон өңдүү күнөөбүздү эл байкап-ай?
Сен жалтагай, мен жалтагай, шек-шыбатты тең байкамай.
Сен-черкести коруп дайым седеп, сепкил, мең – калкан-ай. Чечпей кийип – мен-кыргызды келет сактап кең калпак-ай.
Сен картаң-ай, мен картаң-ай, сезимдерди кем байкамай. Маектештик далай сааттар мамыктарда бел чарчабай.
Каканактап коштоштук, эх-х, калган сымал чер таркабай... ...Сен балпагай канттиң экен селт эстесем мен балпагай?
КӨРҮНГӨНҮҢ СЕНИН – БИР БИЛЕМ... Көрүнгөнүң сенин – бир билем! Көкөлөгөм артык жиндиден! Көңүлүмдөн көчкү “күү-ү!” түшүп, көмүп салдым, кокуй, кимди мен...
Тиктешкеним капыс – бир билем! Титиреген кезде кирди дем! Келбесинчи эл-журт ортого, кетишерин күйүп – билдирем.
Сүйлөшкөнүм анан – бир билем! Сүрдөгөндө барып кирди дем! Сүйүү-Тоосу жакка бурулдум сүдүрөп да, сүйрөп тилди мен.
Таанышканым тактап – бир билем! Так үстүдөн башым ийдим эң – алма саткан аркы немече алдыга үйүп-тизип ырды мен...
МЕНИ ЭРГИТКЕН АСЫЛЗАТКА МИҢ ТААЗИМ! х х х Ырас, аял, бийиксиң сен! Денеңен ылдый түшүп келдик жашоо-кемеге. Дүйнө өзүнөн өзү туруп сакталат сактап, коргоп алган болсок сени эле!!! х х х Топ жандын тоодой эшисиң, толгон бир дүйнө ээсисиң – торпогуң качса жеталбай-аа торпулдап турса кепичиң... х х х Көлбөөрүтүп этегиңди жайгандай көркөм дүйнө! Жашоо болсо ар кандай. Өзөгүңө жылан катып өксүйсүң өлүмдү да өзүң төрөп салгандай... х х х Маскөөнүн күңүрт асманын маңдайдан алып таштаарым! Дааратка чыгаар маалы деп дагы саат тиктей баштадым. х х х Көйгөйүң күч – «көмөктөшүп» улуулук, көзүң тургай, сөзүңдөн жаш чубуруп. Сорулуп бир кеткиң келет жерге, аял, согуш сенин небереңдей туюлуп... х х х Жамгыр сымал, ой сымал жан сергитет доошу улам. Ит үрсө да чүрөккө – гүл атылат оозунан!.. х х х Жүзүңдөн өөп, жүрөктөшкөн ырды ырдап, жүз кайталап – чаңын сүрттүм атыңдын. Чачыңды өргөн боюнча мен ылдыйлап, чарчы гөргө кирсем дагы макулмун! х х х Сунган чайың суйкайып, сулуу бойдон уурталып... Кашты серпип кашкайсаң канжар турат жумшарып! х х х Ашыглык ал – айкөлүм да, урматтуум! Асыл нурду бакканымда тур бактым – чыгарбастан чеңгелимден чымчыкты, чындап кантип бир нерсени урмакмын?.. х х х Адеп мен сүйгөн кезимде ак бантик болуп жанчусуң. Иймекей бакан, кош чака ийиндеп сууга барчусуң – жер көккө жаадан мээлеген жебеге окшой калчусуң! х х х Чыдайбы кош дешке анан эт жүрөгүм? Чынында көйгөй ошол деп билемин. Тиктээрге сен жок болсоң – сөзсүз дароо тиштелген алма сымал эскиремин... х х х Сүрүнөн үркпөс жүзүңүн – сүйүүнүн сүрөтчүсүмүн! Колумда фото-аппарат – коопсуздук күзөтчүсүмүн! Ай жүзүң тосуп турсаң сен алыстан бир өпчүсүмүн! х х х Кыянатты кимибизге-кимибиз кылмак элек башталаарда бийибиз? Уйкашындай элек жазган ырымдын – уя болуп бирибизге-бирибиз. х х х Сенден корком, сенден мен – сезимиме тең келген! Замандарды экчеп тур саамай чачың сербейген! Түмөн-сандап – жеңилсем, түгөнөм го жеңгенден?! х х х Жүрөк туйлап дал жүрөктүн тушунда, жуурулушуп кетчүбүз бир тутумда. Мен өзүмө тураар элем окшошпой сен жанымда болбой калган учурда... х х х Эки сөйкөң – тараза! Эстегениң – даңаза! эСэМэСте беш сөзүң – элүү эсе даража! х х х Укта, сулуу, уктай турган орун бул, учу барып түшкө айлансын оюңдун. Сулуу, сенин түшүңө бир кириш да – ЦУМга кирген сыяктанып сонундур?! х х х Сезимдин сиңдиси – чач-жалын серпилтип кооздочу жаш чагың. Чабагы баштанып опокшош чабаган атуучу каштарың! х х х Биздики экен, билсең, ошол жыл дагы, биздики экен кинолору, ырлары. Экөөбүздүн сүйүүбүздүн табынан эрте ачылып тураар эле гүл дагы! х х х Сагынып, зарлап, күтүп да, саргайсам жеңиш келбейби – саргайып күйүп бүтүп да сагынуу керек сендейди!!! х х х Өзгөрө түштүм такыр мурдагыдан, өзүмчө ырдап улам, жыргап улам. Ээрчишкен экөөбүздү көрдүм мына экран сыяктанган тырмагыман. х х х Жашоодо мобул көк ирим жаңылык – «жарк!» деп көрүнүүң. Бүчүңдү тиктеп койгон жан бүчүлөйт сага көңүлүн. х х х Кутурган бир күндөр өттү не деген! Кулун салып берүүчү элем кээде мен. Алчумун өөп – кылчайса кыз саап атып айылды бүт тосуп туруп бээ менен! х х х Тынар мүнөз кыздар-ай тырмак боёп – нур баксын! Үйрүлүшүп мырзалар, үйлөп аны кургатсын! х х х Ай жолундай аздек айланаң, айланаңды коргоп айланам. Балким, сени гана көрөм деп баткан Күн да чыгат кайрадан! х х х Айкаша калчубуз – мен гүл сунганда, алыстык – азап азыр кургур жанга. Телмиртпей, эргиткиле эркемди деп телефон чалгым келет булбулдарга! х х х Бактынын балапанындай башын бир уяң көтөрүп, көөдөнүң, чиркин, көрөркөз көсөм бир нурлар төшөлүп! Козголуп мөлт дей түшпөсүн койсоң бир кокус жөтөлүп. х х х Бал-бал жанган бакыбаттуу кез келип, бактыбызды өзүң менен чектедик. Экөөбүздүн турсачы, аттиң, сүйүүбүз эриниңдей бир-бирине эп келип... х х х Башканын бизде иши не? Баспадың жайлап кичине. Супсулуу ырды жазгым бар сумкеңдин кирип ичине! х х х Көөдөнүңдө Күн көөшүп, Күн көөшүбөй, көздөрүң – жаз, кирпиктер бүрдөчүдөй. Бах-х, эрдиңдин кызарып-бөйтөйгөнүн – бардык сөздү «ө» менен сүйлөчүдөй! ЖАПОНДОР
Жүрөгүн үрөп сүйүнүп, жүгүнүп ийет, жүгүнүп. Жүн-жолдо дайым тургансыйт жүгүрүп леп-леп, жүгүрүп.
Илээшсе – чаңды жүк көрөт, ич жагын зымдын түш көрөт. Бир уча, кыргыз, жегиче бир учак, жапон, бүткөрөт.
Калкагар, түмөн, назары ак, каптаса – как жер азаят. Калааны бирок кеткенсийт кадамы менен тазалап.
Асма жол – айкөл агылга, ар мүнөт – айлык камылга. Ток үстүн кезген өңдөндүк Токио деген шаарында.
Бар мезгил зорго түтчүдөй, башталбас иштер бүтчүдөй. Сансыз жыл турат жылмайып сапатта жалтыр күзгүдөй!
Жүгүнгөн, күлгөн менен ал, жүз бурса – сенек белем ал. Өзү жок өзүн өзгөртчү, өзү жок өзүн жеңе алаар.
Ойлордун мында тереңин океан менен чене миң. Маңдайы жара чабылган манчыркоо деген неменин.
Иштеген сайын жашарып, издеген сайын тазарып, тебетей, ичик жупуну, техника менен жасанып!
ТИЛИМ БУУЛУУ... КАНТИП АЙТАМ КАЙЫР ДЕП
Тирегимдей көрүүчү элем, Зайырбек, тилим буулуу... кантип айтам кайыр деп? Калдыңбы өлүп – түбү түшкүр дүйнөдө калыстык жок экендигин далилдеп?!
Улутумдун ак жарыгы, ак жарык! Уулуу кабар жүрөктөрдү как жарып – узунуңдан ар жүрөктө жатасың үстөлүңдө калган калем баштанып.
Падыша-элдин толугу да, кеми элең, байкай бербес – толук-кемдин чеги элең. Жаакка чапса зөөкүр келип момунду, чак эттире чабылган жаак – сен элең.
Эркеси элең ээлендирген ышкыңды, элге берген падыша сөз, мыкты ырды! Үшү кетип турган кезде кыргыздын үшкүрүгү болуп атып чыктыңбы...
Кайран акын кайгыда элин кыйраткан... Карлыгачтын кашында жүр ыйлап таң... Утуру эрип... түгөндүңбү элим деп учунда элең калемиңдин ыр жазган...
Жарты кайык – жан дүйнөңдүн дарт-сырын, жаштык-көлдө чөктүң неге – айткының?! Өйүзгө өтүп ырың жазып келгендей өлүп туруп ырың жаз да, кайткының?!
Тирүүлөрдүн айттыңбы, эмне, багытын? тиздиңби, эмне, баштатчудай жарышын? Үнүн элдин жазган диктофонуңдай үндебестен ортодо тур табытың.
Шаркырап бир агып жаткан дайраны шак катытып сыйкыр менен кайдагы – кантип, кантип алып жөнөйт бейитке, кантип, кантип көмүп таштайт жайга аны?
Тирегимдей көрүүчү элем, Зайырбек, тилим буулуу... кантип айтам кайыр деп? Калдыңбы өлүп – түбү түшкүр дүйнөдө калыстык жок экендигин далилдеп?!
КОЛ ЖЕТКИСИМ, КОЛ ЖЕТКИС!
Жыргал жансың жылмайган! Жылмайганың – жыл-майрам! Элиртип да, делиртип, эсти оодарат ыңгайлар!
Асман жактан алып нур, ар кыймылың жанып тур. Жалт карасаң – бир согуш жалп болору анык бул!
Ойлонгонуң – олут, нарк! Обо-жерде толук март! Жер тиктесең уялып – жети кулач оюп шарт...
Келгениң ал – жеңгениң! Келбеген да – эмгегиң! Жок кезиңде – барымсың, жомогумсуң сен менин!
Эки сөйкөң – тараза! Эстегениң – даңаза! эСэМэСте беш сөзүң – элүү эсе даража!
Институт болжотчу изги ойлор маа орношту. Колтуктасаң – койчу, андай копол чындык болмокпу?
Кол жеткисим, кол жеткис...
Comments