top of page

Эркеайым Мамытова: Жакшы адамдар жашаса экен жер үстүндө!

  • janyryk
  • 2 дек. 2020 г.
  • 1 мин. чтения

ЖАКШЫ АДАМДАР

Жакшы адамдар жаныңда курчап турса,

Жан сырыңды дайыма туюп турса.

Жабыркабай жүрөгүң нурга толуп,

Өтөрсүң арманың жок бул жарыкта.

Жакшы адамдар жашоодо жандап турса,

Жылуу сөзүн аянбай арнап турса,

Ошол сөз жан эргитип, дем-күч берип,

Чаалыгуунун дарысын камдап турса!

Кеңеш берип кемчилигиң оңдоп турса,

Ар сөзү жакшылыкка жолдоп турса,

Андан артык эмне бар бул дүйнөдө?

Таяныч болуп тар жолдо колдоп турса.

Жакшы адамдар көңүлдө конуп турса,

Жакшы сөзгө жан дүйнөм толуп турса,

Алар барда аалам да түгөл болуп,

Жан дүйнөмдө дайым жаз болуп турса.

Жакшы адамдар түбөлүк жүргүлөчұ,

Нур тамызып жүрөктөргө күлгүлөчү.

Силер барда жашоо дагы жарык болуп

Дұйнө бүтүн болорун билгилечи!

Жакшылар жакшы болот бул дүйнөдө,

Ар убак жашап келет көңүлдөрдө.

Алар барда жашоо дагы узактай

Жакшылар жашаса экен, жер үстүндө!


Эркеайым Мамытова

Comments


Подпишитесь на рассылку

Маалымат жиберилди. Рахмат!

  • White Facebook Icon
  • White Twitter Icon
bottom of page