Баратбай Аракеев: Падхалим болуп алсамбы?.. (сатиралык аңгеме)
- janyryk
- 23 окт. 2020 г.
- 2 мин. чтения
Жоро-жолдошторум, чогу иштешкен досторум, ал гана турсун үй-бүлөмдүн кээ бир мучөлөрү да “падхалимсин” дешип тынчымды алышчу болду. Кээси таарынганыма карабай бетке айтат, кай бири мен жокто айтат. Сөз кыскасы, атым өчүп, падхалим деген атка конуп, аны кантип өчүрөөрүмдү билбей ичкен тамагым аш болбой, түн уйкуман безип, жаман азып кеттим. Падхалим деп кимди айтары бардыгыбызга маалым го. Падхалим киши мисалы, падхалимдик кылгысы келсе бөйпөктөп, кийип жүргөн кийимдери менен анын кийимин тазалап, эгер чоңу ооруп калса, анын ордуна менин жатканым эптүү деп, кээде баласынын оюнчугун анын баласына тартып берип, итсин десе иттен да жаманмын деп жүргөндөр эмеспи. Алардын сүрөттөрү тиги “Чалканга” үзүлбөй эле чыгып жатпайбы. Капыр ий, кейиптерин көрүп, кишинин жүрөгү айланат. Анан ошону билбей эле мени падхалим дегендерине күйөсүң. Же гезит- журнал окушпайбы…Мен кантип эле ошолордой болуп калайын. Ушунча иштеп жүрүп бир дагы жолу баламдын оюнчугун начальнигимдин баласына тартып бере элекмин. Начальнигим ооруса, албетте, аны көргөнү барам. Анан “анын ордуна менин жатканым эптүү” деп ордуна жатууну ким ойлоптур. Анын жүзүн нары кылсын! Эч кандай падхалим-садхалим эмесмин. Өзүңөр деле баамдагылачы. Эгерде начальнигим ооруканага жатып калса эл катары барып турам. Эч кандай бөйпөктөп-сөйпөктөбөй эле зыңкыя басып учурашып, ден соолугун сурап, корзинкедегилерди берип туруп кете берем. Анан ооруканадан чыккандан кийин башын куттуктап, эки жүз-үч жүз сомду аялымдан берип жиберем элдин шартынан калбай. Эгер падхалим болсом желмогуздай болуп шыпылдап, акчаны өзүм көтөрүп жетип барбайт белем. Жок. Мен антпейм. Антүүгө менин адамгерчилигим жол бербейт.
Өгүнү уулумду ээрчитип, дүкөнгө кире калсам, начальнигим да уулун ээрчитип ал жерде жүргөн экен. Эгер чын эле падхалим болсом, уулумдун колундагы оюнчук самелотун анын уулуна тартып бербейт белем. Эч кандай анткен жокмун. Антип уулумдун оюнчугун начальнигимдин уулуна тартып бергенче, ачыгын айтканды жакшы көрөм, эч кандай кылчактабай эле муунуп жантаслим болмокмун. Ал оюма да келген жок. Анын уулуна велосипед алып берип, эч кандай падхалимденбей эле кете бердим. Падхалим деп жанагы Болотту айтыш керек. Бир жолу биздин мекемеге текшерүү келип калды. Ошондо чогулушта Болот туруп алып, “башкарганды билбейт, ичип-жеп койгон учурлары жок эмес” деп былжыраса болобу! Көрсө, тиги текшерип келген чоңдорго падхалимдик кылып жаткан турбайбы. Ой, шүмшүк о-ой! Мен анын адамгерчиликтин чегинен чыккан итчилигине чыдай алган жокмун, тура калып начальнигимдин ак ниеттүүлүгүн, иш алып баруудагы ченемсиз жөндөмдүүлүгүн жашырбай картадай жайып салдым. Ошондо Болот: “ Ай ушу сендей падхалимдер качан жоголот” десе болобу. Аябай ачуум келди. Анан кантип күйбөйүн, ак эле жеринен бетиме олчойто көө сүйкөп жатса. Келиштирип аябай эле катыгын бердим. Эгерде мени эшикке чыгарып жиберишпегенде, Болот азыр кай жерде олтурганын ким билет эле. Адамгерчиликтүү, ак ниет адамдар өзү эле көрүнүп турат окшобойбу. Начальнигим мени бир тууганындай эле сыйлайт. Бирок чолок ойлуу чогу иштегендер анымды көрө албай, дагы эле падхалимсин дешет. Былжырай бергиле, кимдин ким экендигин акты акка, караны карага айырмалаган турмуш өзү көрсөтөт. Айта бергиле дейм ичимден. Бирок анан кайра эле уктай албай ойлоно берем.
留言