Баратбек Аракеев "Алмаш, ай, Алмаш"
- janyryk
- 31 окт. 2020 г.
- 2 мин. чтения
Үйлөнүү маалым өтүп бараткандыктанбы билбейм, айтор, күнү-түнү көз алдыман тааныгын да, тааныбаган да кыздардын сүйкүм элеси кетпей бушайман болуп жүргөн убагым. Бир күнү апам экөөбүз чай ичип олтуруп ушул жөнүндө кепке өттүк.
— Бакен, - деди энем, - эми жашың да бир топко барып калды, келиндүү кылар маалың болду. Ушул майрамда келин алып,тойду өткөрсөк деп ойлоп жүрөм.
— Кимди, - дедим мен таң калып. Анткени ушуга үйлөнөм деп камдап жүргөнүм жок болчу.
— Тиги Мааданбектин Чолпону сага ылайыктуу, - деди энем токтолбой. – Мааданбек жамандыр-жакшыдыр бир колхоздун ишин билет. Урук-туугандары да мыкты. Ошол эле ылайык, балам.
— Анын сүйлөшкөнү бар, - дедим шашкалактап. Апам жактырбай мурдун чүйүрдү: - Сүйлөшүп жүрсө эмне экен?....Тиги Тойтукан жеңең деле байкеңе келгиче бир эмес, беш-алтоо менен сүйлөшүптүр. Мына эми байкең менен очор-бачар болуп….
— Болбойт, - дедим кызууланып. – Жарабайт!
— Анда Жумаштын кызын кандай дейсин? Менимче, сага андан ылайыктуусу табылбайт. Окуусун жакшы бутту. Жумаш райондо биринчи болбосо да бирден кийинкилерден. Ошол эле ылайыктуу сага.
— Ал да болбойт, - дедим жактырбай. Тилдүү неме. Болбойт! Анын үстүнө анын сүйлөшкөнү бар. Анысы келип эртеси жетелеп кетсе. акчабыз талаага кетпейби….
Бир топко сөзүбүз уланбай дымый түштүк. Аңгыча менин эсиме бирөө түшүп: — Апа, Сагынбектин кызын кандай дейсиз? — десем, апам ийне менен сайгандай ыргып кетти: — Э кокуй, анын бетин нары кылсын! Чапаны тизесине жетпеген неменин кызын алып элге-журтка шерменде болуп…Суранып атышып соолтпойбу. Бул сөзүңдү киши укпасын, балам. Мен сөз кайтарган жокмун. Дагы бирөөнү эстеп сунуш кылдым: — А Бекиштин кызычы? – Анын кызы деле жарайт эле, - деди апам көп жактыра бербей, - бирок Бекиш эртең болбосо бүрсүгүнү кеткени жатыптыр. Кыязы беш манжасын салып жиберген го…Ал дагы болбойт! Апам экөөбүз бири-бирибизге көптөгөн сунуштарды киргизип, эч тыянак чыгара албай жаттык. Бир маалда апам сүйүнүп кетти. – Эми таптым. Билесиңби, мени менен окуган Чыныкан деген эжең бар. Окууну бүтөр менен турмушка чыгып, бир кыздуу болуптур деп уккам. Өгүнү шашылышта кезигип, Алмашыма баратам, чоңоюп бойго жетип калды деди эле. Ошол ылайыктуу сага. Чыныкан эжеңдин күйөөсү жакшы жерде иштейт деп укканым бар. – Апамдын жүзү албырып аябай кубанып жатты. Эртеси апам кайдан-жайдан Чыныкан эженин адресин таап келип, кат жазып мени жөнөттү: —Бакен, берекем, уялып жүрө бербей жакшылап таанышып кел. Азыркы заманда да киши уялабы….Аты да жакшы экен Алмаш деп. Уктуңбу ой, жакшылап таанышып кел. Шаарга келип Чыныкан эженин үйүн таап, энемдин катын бердим да олтуруп калдым. Чыныкан эже катты окуп болуп, боору эзилгенче күлүп калды. Мен ыңгайсызданып, апамды ичимен жемелеп жаттым. – Тааныштырса тааныштырайын, — деди Чыныкан эже күлкүсүн токтотпой, — Алмаш, бери чыкчы. – Денем чымырап, жүрөгүм ээ бербей оолугуп жатты. Аңгыча төркү бөлмөнүн эшиги ачылып, мендей эки келген кара мурут чыга келди: — Эмне чакырдың, мама? – Алмаш, бул жигит менен таанышып ал. – Чыныкан эже дагы боору эзилгенче күлдү. Мен чочуп кетип: — Ой, бул эркек турбайбы! – деп кыйкырып жибериптирмин. – Алсаң каршылык жок. – Чыныкан эже ого бетер
каткырды. Эч нерсени түшүнбөй делдейип баласы менен учурашпастан жолума түштүм. Өлбөгөн гана төрт шыйрагым.
Comentários