Мидин Алыбаев: Атталбай калган ок(аңгеме)
- janyryk
- 17 окт. 2020 г.
- 4 мин. чтения
Акбермет, Акбермет болуп атанып чыккан себеби, ал күйөөсүн өтө сүйүп, сыйлап, ага чеги жок ак болгондугунан аталып чыккан экен. Акберметтин күйөөсү да «Аялдардын баары менин Акберметимдей болсо, кандай болор эле. Аны менен баш кошконума азыр 15 жылдан ашты. Бирок ал ушунча болуп менден жаңылган жок жана ал жөнүндө эч кандай ушактар да уга элекмин», – деп мактануучу экен. Эл дагы, аял-эркек дебей: «Ай, дүнүйө ай, Акберметтей аял болор бекен. Аял-эркектин ортосундагы законду бузбоо жагынан мунун алдына эч ким чыга албайт ко» – деп тамшанышчу. Акбермет өзү да: «Капырай, өлүгүңдү көрөйүн аялдар күйөөсү болсо да, анын көзүн будамайлап башка бирөөлөр менен жүргөндү кызык көрүшөт экен. Ушундайларды уксам төбө чачым тик турат», – деп өзүнүн теңтуш-телилерине айтып жүргөн имиш. Кыскасын айтканда, элдин баары Акберметти таза, ак жүргөндүгү үчүн жакшы көрүшчү экен. Ошол заманда эл менен эл чабышып жүргөн кездери болсо керек. Кээ бирөө найзадан, кээ бирөө октон жарадар болучу экен. А кээ бирөөнө ок тийип, денесине токтоп калып түшпөй кыйноочу тура. Ал кезде азыркыдай хирургдар кайдан болсун. Ошентип кыйноодон кыйноо болуп жүрүп түшпөгөн октун дарысы кабылыптыр. Табылганда оңой табылбай өтө кыйындык менен табылыптыр. Анткени күйөөгө тийгенине кеминде он жыл болуп, ошондон бери күйөөсү экөөнүн ортосундагы законду бир жолу да бузбаган. Ток этер жерин айтсак, күйөөсүнүн көзүн тазалабаган аял келип, ошол ок тийген жерди аттаса бир чай кайнамдан кийин ок түшүп калуучу имиш. Андай аялды издеп суунун башынан аягына чейин кыдырышчу экен. Табылса табылып, табылбаса табылбай калган күндөр да болуптур. Ошол замандагылардын ханы күндөрдүн биринде жарадар болуп ок жамбаштан тийип, анын май куйругунун орто жерине токтоп калат. Хан жалпы элин чогултат. Чогултуп туруп жар чакыртат, кимдин ак ниет аялы аттап менин жамбашымдагы окту түшүрсө башын алтынга, аягын күмүшкө бөлөймүн дейт. Элдин баары эле: «Акбермет жарайт. Хан таксырга Акберметти алдыргыла» – дейт. Хан өз атын токутуп, бир мыкты жигитинен жетелетип жибергени жатса элден бирөө чыгып: «Кокуй таксыр, Акбермет күйөөсүнүн гана тилин алат. Жолго чыкса жалаң күйөөсү менен чыгат. Күйөөсүнүн өзүн жибериңиз», – дейт. Хан анын күйөөсүн жиберет. Ал өпкө өпкөсүнө батпай сүйүнөт. Сүйүнбөгөндө кантет. Ошончо элден жалаң анын аялы Акбермет гана касиеттүү ишке керек болуп жатат да! Ал үйүнө жетип, аттан түшө элек жатып эле кыйкырат: – Акбермет! Кийинип чык. Ханга барабыз. Ага ок тийип түшпөй жатат. Жалгыз сени жактырып, өз атын менден жетелетип жиберди. Жаны кыйналып жатат, жүр! – Койчу, касиеттүү кишини кантип аттайм! – Сен андан касиеттүүсүң… Жамбашын эле атта, анын башын аттамак белең. Жан талашкан неме ок башына токтосо деле аттатат эле десеңчи. Бол кийин, мин атка, – деп шаштырып Акберметин ээрчитип жөнөйт. – Кокустан түшпөй койсо эмне кылат экен? – дейт Акбермет жолдо баратып. – Кайдагы «кокус»! Сен сүттөн таза болсоң анан түшпөй койчу беле? – Ошондой болсо да дейм да? Деги түшпөй койсо жазалабайбы? – деп Акберметтин эси чыгып жатканынан шекшинген күйөөсү: – Хан мени жөнөтөрдө анын молдосу айтты: «Бир-эки жаңылыштык кылып койгон болсо жолдон өзүңө айта келсин. Баары бир мен бул жерден бал китептен көрүп коём, калп айтканы үчүн башы алынат, жана тиги дүйнөдө тозоку болот», – деди. Ошондуктан чыныңды мага эле айтсаң болду деп күйөөсү такыды эле: «Койчу айланайын, аттабай эле коём ээ» – деп атын кежеңдете тартып туруп алды. Бул эмнеден коркуп жатканын күйөөсү сезди да: – Эч, эч нерсе болбойсуң бир-эки жаңылыштыгың болсо жалгыз баратпайбызбы мага айта бер, – деди. Акбермет толгонуп толгонуп турду да айласы кеткенде: «Эми ачыгымды эле айтайынчы» – деп ичинен айтып. – Үч эле жолу сенин жоктугуңан пайдаланып койдум эле, – деди. – Ии, ушинтип эле чыныңды айтып барганың жакшы эмеспи, качан? Ким-кимге жаңылдың эле? – Бири сен алган жылы жылкычы уул болбой эле… экинчиси сен Анжиянга кеткен жылы баягы Акмолдо дечү жигит… үчүнчүсү болуш акемдин улуу уулу… – Ушул элеби? Оо, кокуй эчтеке эмес тура. Жүр эми, дагы ойлон, унутуп калып да башыңан айрылып калба, – деди күйөөсү. Акбермет кетип баратып күйөөсүнө дагы кылчайды да: – Эми экөө калып калыптыр, бири Жумагул бийдин кайниси, экинчиси атын унутуп жатам, баягы биздикине жатып жүрчү сопу. – Оо, сопу менен пирдин тукуму эчтеке эмес. Дагы эсте, араң эле бешөө болдубу? – Ушинтип Акбермет улам бирден-экиден эстеп алып айтып жүрүп отуруп эң аягында дагы токтоду да: – Эгер хан таксырдын өзүлөрү тараптан болсо да айтамбы? – деди. – Ойда, ошону айтсаң сооп эмеспи, ок ошондо түшөт, – деди эле: – Анда эмесе бая күнү сен Чүйгө кетчүдө хандын бир жигити куш салып келип биздикине беш күн жатты эле, ошондо… – Аты ким эле? Кандай неме өзү? – Атын билбейм. Минип келген аты, ээр токуму, алдыкы сен минген аттын өзү болучу, – деди Акбермет. Ханга жуп жетер замат Акберметтин күйөөсү айткан экен: – Ээ, таксыр ханым. Жакында эле сиз жарадар болордун алдында сиздин бир жигитиңиз сизге каршылык иш кылыптыр. Акбермет тазалыгы таза экен, бирок сиздин жигит зордукчулук кылып кеткенин айтып олтурат. Демек, кудаанын буйругу менен сиздин куйругуңуз жакында айыкпай калды го деген экен. Кан жигитти чакыртып алып сураганда жигит: – Зордук кылган эмесмин, ыктыярдуу иш эле, – десе да болбой жигиттин башын алган экен. Ок болсо, жогорку себептер менен атталбай калыптыр. Кандын куйругу айыктыбы же ошол бойдон курттап өлдүбү, аны жомок ачык айтпайт. Бирок Акберметтин бети ошентип ачылган экен. Акбермет эмне болсо ошо болсун, азыркы аялдар андай эмес экендигине ишенебиз.
Comments