Бүкалча Маматали кызы: Уйку сени жакшы ыр менен алмашам.
- janyryk
- 18 нояб. 2020 г.
- 3 мин. чтения
Мендеги “Ү” сендеги “Ү”нү жактырат
Аярлап баштан, таарынтып бирин албастан.
Ай, Күндөн алып ар кезде сезим арнашкан.
“Сүйүү” сөзүнүн “ҮҮ”лөрү мынча бактылуу,
Кай жерде журсө колдору бирге кармашкан.
Ошондой “ү”дөн бизден бар биздин ысымда,
Жүрөктө жакын “үү”лөр бар болгон үчүн да.
Байкабай, көрбөй, сыр бербей басып жүрөсүң,
Мени эмес, мейли, “үү”лөрдү деле түшүн да.
Эли-журт колдоп, батасын берсе жакшылап,
Эреже ушул, экиден киши бак курат.
Кыялга балкып, максаттар коюп, “БИЗ” үчүн,
Мендеги “ү” чын, сендеги “ү”нү жактырат.
Ашыкпай ойлоп, ак-кара эмне билейли,
Буюрса Кудай, бейишке бирге кирейли.
Мезгилдер билгич, коюлат баары ордуна,
Экөөлөп азыр “үү”лөргө сүйүү тилейли!
“ҮҮ”лөргө бакыт, “үү”лөргө сүйүү тилейли!
АЯ
Кыйнагың келбец жаткандыр,
Айтпасаң деле сезилди.
Боорукер болсоң сен өзүң,
Тыйып кой, мендик сезимди.
Ооруткум келбейт дейсиңби,
Оорукчан болгон көңүлүм.
Оорута берсе сендейлер,
Ооруда өтөр өмүрүм.
Эртерээк ая, аясаң,
Ал анан калат кеч болуп.
Сен үчүн жашап турууга,
Мен үчүн керек ден соолук.
Мага да керек ден соолук.
Сен бир түш болсоң керек
Сен бир түш болсоң керек;
Түн айтып бүтпөй калган;
Элеси үзүк- үзүк,
Өчүп же жетпей калган.
Саргайган сүрөтсүңбү?
Чын жүзү көрүнбөгөн,
Жөн гана чиймедирсиң,
Бир боек төгүлбөгөн.
Туйгусуң, ыр туйгусуң,
Башталбай бүтүп калган.
Арзыбас нерселерге,
Чак түштө үшүп калган.
Сен бир түш болсоң керек;
Сырлары көчүп кеткен.
Кумдагы калган издей,
Эскирип, өчүп кеткен.
Сен ырас жаман түшсүң,
Кезиккен таң атарда.
Мүмкүн, бир көлөкөсүң,
Ээрчиген күнт батарда.
Түштөү кыскалыктай,
Таарынам өңдөгүгө,
Силер да кыйноо тартып,
Жаман түш көрбөгүлө.
Махабат айдыңында,
Кыска түш көрбөгүлө!
Шашылалы
Каалаган чечим менен шашып чечип,
Койбойлу байланышты үзүп. Кечип,
Кел, азып бактыбызга шашылалы,
Калбасын сезим өчүп, сүйүү кетип.
Бүтүндөй келет өмүр бир өткөргүм,
Кагышын тыңшап уктап жүрөктөрдүн.
Талантка бөлөнүшүп балдарыбыз,
Өсүшсө бир тарабын тиреп Жердин.
Мага азыр жылуулугуң тийип турат,
Сүйүүнү алсак экен бийик курап.
Өмүрдүн арабасы токтогуча,
Жүрөгүм жүрөгүңдү сүйүп турат.
Кел бүгүн сыр айтышып ачылалы,
Болбосун ичке сактап, катып алуу.
Ишеним, сыйды ортого алып алып,
Эртерээк бактыбызга шашылалы.
Таркасын кызганычтар, ачуулануу.
Мен түгөнсөм
Сүйүп, сүйүү таппагандын бирөө-мен.
Бералбаган мээриң үчүн күнөөлөн.
Мендик сезим өмүр барда түгөнбөйт,
Мен түгөнсөм, сени сүйүп түгөнөм.
Эң акыркың боло албадым, алгачкым,
Ашык элем, кереги эмне алдаштын.
Бир жүрөктү сүйө албаган сен үчүн,
Билбеймин, мендей ысык сүйүү арнайт ким?!
Меш
Алпурушуп, үйдө кечке меш менен,
Ойлоп көрсөм канча отун кетпеген;
Дарак болуп, көчөт кезде, чырпык да.
Сенин гана күйбөйт меште эчтемең.
Бул- менимче чоң эле бир жаңылуу,
Биздин өмүр эбак меште жагылуу.
Отко түшүп күйөт ар бир көз ирмем,
Ошол үчун ар күндүн табы улуу.
Биз да меште чырпык кезде тутанып,
Бак болгуча күйөбүз көп буталып.
Түтүн болуп учат биздин өмүрлөр,
Куурап,кабык болгучакты жукарып.
Чын. Карасаң, дүйнө мешке окшошот,
Алсызы өчсө, жаңы жалын от кошот.
Салып коюп бир күнүмдү, жылынып,
Олтурамын меш жанынада от көсөп.
КҮЗ
Күз аралап жолдон бүткөн калааны,
Калың кийим, жылуу көңүл талабы.
Мезгил бою дарактардын эмгегин,
Тепсеп жатат ак кимдердин таманы.
Өңдөн азып, бүт дарактар турат куу,
Бир экиден жалбырагын серпишет.
Жердегилер жетим балдар сыяктуу,
Ары өткөндү, бери өткөндү ээрчишет.
Бир ой-кубат жашообузга бирөө-нур,
Алдыга тек басуудабыз кызыгып.
Өкүнткөну Кудай берген гүл өмүр,
Бирден- бирден түшүп жатат үзүлүп.
Изин кууп, жылт эткен бир үмүттүн,
Ар күз сайын көп жалбырак теребиз.
А өмүрдүн күзү келип калганда,
Тебелетип таштап кете беребиз.
Уйку, сени жакшы ыр менен алмашам.
Көпчүлүккө жек көргөзүп ар качан,
Басынтпасаң, шылдыңына салбасаң.
Чыдоом бүтүп барат эми, таарынба,
Бүгүн сени жакшы ыр менен алмашам.
Ар бир күндүк планымды оңдосом,
Бейкам жүрчү ыргагымды жойбосом.
Каалагандай ысым коюп алгыла,
Жалкоолордун “антоними” болбосом.
Болуп турат
Көңүлүм чөктү кайра,
Көз жаштын тереңине.
Өзүмө-өзүм мүшкүл,
Эмнеге?- дебегиле.
Кареним жашка толуп,
Көңүлүм ооруп турат.
Бир үмүт бөксөрткөндө,
Бир үмүт толук кылат.
Жөн гана көңүл иши,
Кээ-кээде орруп турат.
Бүгүнкү арзыбас иш,
Жашоого оолуктурат.
Жашоо да, болуп турат.
Ырдап барам
Тил укпай, көп көгөрүп ыйлактагам,
Чоңойдум атакемди кыйнап жалаң.
Моюнуна көтөра баккан үчүн,
Азыр турмуш жолунда ырдап барам.
Дилгир кызмын артыма карачу миң,
Анда деле атамды аячумун.
Бала кезде тоодой чоң эмгеги үчүн,
Чачын тарап бергенге жарачумун.
Бир өмүр карыздарбыз туюп-билем,
Жашайбыз жылдар куру кетпес үчүн.
Атамдын мээрим тонун кийип жүрөм,
Ааламдын ызгаар-суугу өтпөсү чын.
Эки бирдей жылуулук
Жакшы кыял, бирдей мүнөз топтолуп,
Төп келишсе алары чын достошуп.
“Чыны достук баралына келгенде,
Бири-бирине калышат”,— дейт окшошуп.
Апам менен тоонун жылуу жазы дос,
Көйнөгү окшош, жыты окшош, өңү окшош.
Жаз мезгили сүйүү берсе, ыр берсе,
Апам болор тилегиме ортоктош.
Сулуулугу, жылуу деми анан да,
Издебестен көп окшоштук табам да
Жел ыргатса саамай чачын апамдын,
Жаздын гүлү кошо ыргалат шамалга.
Жаз — бул эргүү, улайм кадам-кадамга,
Экөө бирдей камкор келет адамга.
Сынып, кээде жоготкондо кубатты,
Апакемдин кучагынан алам да.
Экөөндөй дос, дал экөөндөй опокшош,
Жылуулук жок, сулуулук жок ааламда.
Comentarios