Поэзия. Карбалас Бакиров
- janyryk
- 17 окт. 2020 г.
- 1 мин. чтения
Төш кагып жок ал мактанган,
Түштүм деп түпсүз асмандан.
Айлансак аздык кылат ээ,
Унчукпай жааган ак кардан.
Бир-бирин алар жек көргөн,
Эмес эч, эмес жеп көргөн.
Күнөөсүз өсүү жагынан,
үлгу алсак болот чөптөрдөн.
Жок алар мейкин талашкан,
Үйрөнсөк болот дарактан.
Короодон түпсүз асманга,
Кыйкырбай өсүп бараткан.
Карбалас Бакиров
תגובות