top of page

Улан Абдыкалыков: Ошол күн бүт баарынын башталышы, автобустан бутуңду басып алган.

  • janyryk
  • 22 нояб. 2020 г.
  • 3 мин. чтения

Обновлено: 22 нояб. 2020 г.

Таба аламбы?..

Кулаганы турамын, ооба чыны,

Ууланганы көңүлдүн, бүтпөс муңу...

Тегеренген жер менен бирге айланбай,

Деги эле мен табамбы өз нугумду?..


Багытымдан адаштым... кайда барам?

Баары сырдуу, күбүлүп майдаланам...

Алдаган бейм өзүмдүн кыялдарым,

Тагдырдын муз жолунда тайгаланам...


Жалгандарга ишенип жүрүптүрмүн,

Жанга азап чогултуп, үйүптүрмүн...

Кадырына жетпепмин жок дегенде,

Калган артта айыпсыз күмүш күндүн...


Таба аламбы жоголгон өзүмдү эми?..

Өчкүчөктү гүлгүн от көзүмдөгү?..

Таба аламбы эңсеген аруулукту?..

Таба аламбы өзүмдү өзүмдөгү?..




Сен— чыгарма


Жалгыз менин карегиме окулган,

Сен — чыгарма, а мен — сүйгөн окурман.

Бир барагың окуганда сүйүнүп,

Бир барагың окуганда “кокуйлайм”.


Ооба, ошентем, барактарың барактайм,

Арасында кээде өзүмдү табамын.

Бир барагың— толгон-токой бакытым,

Бир барагың— тоодой оор азабым...


Маанисинде көп окуя камтылган,

Сөздөр менен шөкөттөлүп айтылган.

Бир барагын окуганда жан жыргап,

Бир барагын окуганда жанчылам.



Жалгыз менин карегиме окулган,

Сен— чыгарма, а мен сүйгөн окурман,

Күнү бою жалгыз сени ойлонуп,

Түнү бою окуганды жактырам.



Адамдар

Топурак бул дүйнө эптеген,

Топурап ким келип кетпеген...

Чокулап ырыскы теришип,

Чочулап бир-бирин жектеген...


Ырдашкан, жыргашкан, күлүшкөн,

Ыйлашкан, чырдашкан, күйүшкөн.

Адамды адамдар мазактап,

Адамды адамдар сүйүшкөн...


Адамдар— ар түрдүү кадамдар,

Адамдар бар— жакшы да, жаман бар...

Бөлүнүү...согушуу... атышуу...

Болбосо бардыгы— АДАМДАР...


****************

Куйкала, жалыныңа өрттөнөйүн,

Уйпала, түн уйкумду төрт бөлөйүн.

Баарын кыл, уруш, тилде, мейли жек көр,

Бир гана өкүнүчкө өрттөбөгүн.


...деймин да кайра өзүңдүн багыңды ойлойм,

Дүрбөлөң дүйнөм...мөмө-шагыңды ойлойм.

Сүйбө де, келбегин де, жолобо де,

Жактырдым, жакшы көрдүм, жаның койбойм.


Кө-өөп ойго чөгүп анан муңаямын,

Алсырайм, өңдөн азып, кубарамын.

Чылымдай түтөйм...түтөйм...аргам канча,

Себебин билип туруп сурабагын.


Айландың бүтпөс, өчпөс кумарыма,

Байландың мойнумдагы тумарыма.

Бар сырым айтып сага төгүлөйүн,

Байкабай кала көрбө убалыма.


Менин да жүрөгүм бар, темир эмес,

Мага да бул акылбал жеңил эмес.

Өкүнөм, өкүнгөнүм мына мындан:

Эмнеге биздин жүрөк эгиз эмес?...


Эх, балким мунун баарын туйгандарсың,

Эзилип сыздаарым чын, сыйлаарым чын.

Мен сага азбас, тозбос бакыт каалап,

Мен сени эч жаманга кыйбаарым чын!


Бийигим, ар убакта бийик болгун,

Бир гана жактырарым билип койгун.

Бир өмүр өчпөй турган от тутантып,

Билгизбей жүрөгүмдү тилип койдуң.


Санаага батсам дагы бар да намыс,

Гүл таптым көркү укмуш, бирок алыс.

Капырай, эс-учумду тыя албадым,

Ой күлүк, жете турган маара да алыс.



************

Шаабайы суубас чыгармам десем,

Шашылыш бүтүм чыгарган экем.

Сүйүүдөн бакыт издегем, көрсө,

Суйүүнүн өзү чын арман экен.


Жаз гүлү эбак соолуган экен,

Жаңылыш эле жооруган экем.

Махабат дартка дабаа деп жүрсөм,

Махабат өзү оорудан экен.



Арман ыр


Жанымдан артык көргөн адамым сен элең го,

Жалгыздык башка түшүп чөгөм ойго.

Бир гана ырларымда каларын билбептирмин,

Бүтпөгөн сагынычым бүтүндөй тарап бойго.


Тагдырдын салганына аргасыз көнүп келем,

Түгөнбөс азап болдуң жүрөктү оюп жеген.

Көзүмдүн жашы кургап калса да эбак эле.

Көөдөндүн жашын тыйбай көл кылып төгүп келем.


Капилет калпыс басып сүйүүдөн жаза тайдым,

Күтүүсүз күйүт тартып табалбай алапайым.

Жанымда канат күүлөп учарда бийиктикке,

Жайладың эх...жаңылуум, сүйүүмдүн балапанын.


Сүйүүнүн азабынан ушунча эзилемин,

Сезимим тунуктугу, а неге кемигенин?

Мөңгүдөй махабатым мезгилсиз эрип барат,

Мен сага билем бирок бир күнү кезигемин.



*************

Сен —өскөн гүл мен — өчкөн күл,

Ортодогу түшүнбөстүк ушунда,

Мындай кырдаал жүрөк жанчат эзгилеп,

Мындай кезде жаныңдагы эскирет...

Мындай кырдаал жүлүнүңдү кескилеп,

Мындай кезде жалгыз гана

Үнү угулат азаптын,

Көөдөнүңдү черткилеп...




Сен — Күнсүң

Муну туюп турсам дагы дил менен,

Бирок айтып жеткире албайм тил менен.

Көздөрүңбү? Көйнөгүңбү? Так билбейм,

Мага чындап жагат сенин бирдемең.


Гүл сунайын десем өзүң гүл белең,

Күйгүздү жүрөгүмдү күн денең.

Орой көрбө, орой көрбө, сен — күнсүң,

Орой көрбө үмүтүмдү түн менен.



Түшүмө кириңизчи


Түшүмө кириңизчи бүгүн, АТА,

Ыйлабайм, көз жашымды көрсөтпөймүн.

Сагындым, жытыңызды жыттайынчы,

Көөдөндө толгон муңум бөксөртөйүн.


Бийик тоом, бөксө дөңгө айландыңыз,

Билбеппиз сиз барыңда арманды биз.

Тирүүңдө кадырыңды билбептирбиз,

Түбөлүк жашачудай “жалганда” сиз...


Эч кимге көргөзбөстөн ыйлап алам,

Эх, мурда бул сагыныч кыйнабаган.

Тирүүңдө а, сиз АТА эрктүү элеңиз,

Түгөнгүс миң сыноодо ыйлабаган.


Жеңилген жоксуз АТА, сиз ажалга,

Артыңда балдарың бар! Жеңишиңиз-

Артымда туягың бар учук улаар,

Ар убак тилээр сиздин бейишиңиз.


Түшүмө кириңизчи бүгүн АТА,

Ыйлабайм, көз жашымды көрсөтпөймүн.

Сагындым, жыттайынчы жытыңызды,

Көөдөндө толгон муңум бөксөртөйүн...


Түшүмө кириңизчи бүгүн АТА,

Сизге арнап жазган ырым окуп берем...



Чек коюшат...

Чек коюшат айрымдар акыл менен,

Бирок чекке карайбы акын деген.

Отко күйүп каласың деп айтышса,

Ошол отко чынбы деп жакын келем.


Өтүк кийип жалын, от кечип кечип көрдүм,

Түз нерсени кыйшыкка эшип көрдүм.

Тагдырымда жазылган эмне бар деп,

Туткасыз ой эшигин тешип көрдүм.


Костюм, шымды кийдим да, кой кайтардым,

Кой дегеним куру сөз, ой кайтардым.

Бир куплет ырымды жазыш үчүн,

Бир канча ирет зарыгып жол кайтардым.


Өзгөнү кой, өзүмө тил албадым,

Өзөгүмдө эмне бар, биле албадым.

Ырды сүйдүм жалындап күйдүм, бирок,

Ыр сүйгөндөй өзүмдү сүйө албадым.


Чыныдк издеп, миң ирет жалган таптым,

Бакыт издеп миң ирет арман таптым.

Убагында көп ишти бүтүрө албай,

Убалына калгансыйм кайран жаштын.


Деңиз кечип баратып чөлдөптүрмүн,

Не бир асылдыктарды көрбөптүрмүн

Бөлө турган ойлорду бөлбөптүрмүн,

Өлө турган жерден да өлбөптүрмүн.


Чек коюшат айрымдар акыл менен,

Бирок чекке карайбы акын деген.

Отко күйүп каласың деп айтышса,

Ошол отко чынбы деп жакын келем...



Телефон шыңгырады

Телефон шыңгырады, “Алло”- дедим,

Тулкумду куйкалады алоо демиң.

Бир кезде ыйлап кирдиң сүйлөй албай,

Бир пайда кыла албады аеом сени.


Жаңылып жаттым сага чебелектеп,

“Жарыгым! Не болду айт, айтчы эми!” — деп.

Заматта асманымды булут каптап...

Мындайда чындап ойго нелер келбейт...


Эх, анан, мына мындай сөздү айттың:

“Бүгүн сиз чалбадыңыз... таарындым!”— деп.

“Сиз мени кечириңиз агатайым,

Мен сизди ушунчалык сагындым!”— деп.


Телефон шыңгырады, “Алоо” — дедим.


Төрт саптар

***

Ыр окуп берейинби, угасыңбы?

Ыр менен жаям сага кулачымды.

Ырымдын жүрөгү бар сен деп соккон,

Сен аны билесиңби, туясыңбы?


***

Аңдай абай сөздөрүн Жараткандын,

Аткаралбай мыйзамын, талаптарын...

Муну ойлоп, жүрөгүм "болк" дей т үшөт,

Мага берген өмүр бош баратканын.


***

Балбылдап жанган көздөрүң менен,

Бал татып турган сөздөрүң менен,

Башкача жансың! Башкача жансың!

Башкача көрүп турамын же, мен...


***

Сенден таанып жашоонун чакмак-тузун,

Сен болбосоң атпай таң, батпай күнүм.

Ширелишкен жакшы ойго жетелеген,

Шириним ай, шириним, таптаттуумсуң.


Кош саптар

***

Тарс! дей түшкөн уу сөзүңдөн,

Карс! дей түштү көңүлүм.


***

Ошол күн бүт баарынын башталышы,

Автобустан бутуңду басып алган.

***

Сезилип турат билсең бакыт болуп,

Сен айткан жылуу сөздүн деми мага.


***

Түзөгөн оңдоп катамды,

Түбөлүк сүйөм апамды.






















टिप्पणियां


Подпишитесь на рассылку

Маалымат жиберилди. Рахмат!

  • White Facebook Icon
  • White Twitter Icon
bottom of page