Сөз куржун.
- janyryk
- 31 окт. 2020 г.
- 1 мин. чтения
Ааид-ал-Карнийдин “ Капаланба” китебинен:
1) “Кимди ээрчигениң маанилүү. Ар кимди эле ээрчий бербе”.
2) Шекспир: “Жүрөгүңө душманың үчүн от жакпа, ага өзүң күйөсүң”.
3) “Эгерде бир коом өнүгүүнү каалабаса, анын завод-фабрикалары ресторан-кафелерге айланат”.
4) “Көпчүлүк адамдар кыйынчылыкка туш болгондо акыретке кетүүнү , өлүп калууну көйгөйдөн чыгуунун жолу деп ойлошот. Бирок, антип көйгөйдү чече албайбыз. Кыйынчылыкка сабыр кылып гана чече алабыз. Бир жамандык аркасында 2 жакшылык бар экенин унутпоо керек”.
5) “Лимондон таттуу суусундук жаса. Жоктон барды кыл ”.
Comments