Сөз куржун
- janyryk
- 2 дек. 2020 г.
- 1 мин. чтения
Дүйнөнү калеми менен багындырган залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү:
1) “Адам кандай гана татаал абалда калбасын, ал өзүнүн бийик адамдык наамын , адамдык мартабасын түшүрбөөгө милдеттүү ”.
2) “Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы — үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү”.
3) “Эгер Ата Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле”.
4) “Дос кыйынчылыкта билинет” дешет. Менимче, бактылуу кезиңде да билинет.
5) “Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң”.
6) “Өмүрдүн чыныгы баркы ишенимде, бактысы да ишенимде”.
7) “Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк”.
8) “Миңдеген адамдын арасында сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың...”
9) “Тил — улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт”.
10) “Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз”.
11) “Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралуу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың”.
12) “Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу”.
13) “Өмүрдүн чыныгы баркы, бактысы да ишенимде!”
Comments