top of page

Сөз куржун. Улуулардан улуу сөз.

  • janyryk
  • 23 окт. 2020 г.
  • 1 мин. чтения

1) Түгөлбай Сыдыкбеков: “Адамдын жүзүнөн өткөн улуу китеп жок. Ал китептен адамдын акылы да , арамы да, жаманы да, жакшысы да окулат”.

2) БИР КҮН ЖАНА БИР ЖЫЛ

19-кылымда жашаган белгилүү бир немис сүрөтчүсү Менцелге бир жаш жигит картинасын котөрүп келип, наалыйт :

-Ушу да акыйкаттыкпы? Бир эле күндө бүтүргөн картинамды бир жылдан бери сата албайм.

-Картинаңды эгер бир жыл жазсаң, бир эле күндө сатмаксың, - деп жооп бериптир ага,мастер.

3) Жонатан Свифт (Англис жазуучусу) : “Чыныгы гений жаралганын бир эле нерседен баамдасаң болот: мээси жоктордун бардыгы биригип, генийге каршы күрөш жүргүзө баштайт”.

4) Жусуп Баласагындын "Куттуу билим" эмгегинен

Адам баласынын эң жакшы сапаттары болгон билим менен акыл тууралуу:

Билим берди — адамзат улуу болду, Окуу менен көп ачты сырдуу жолду.

Кудайым акыл, билим кимге берсе, Ак жолун ачып тураар миң-сан эсе.

Билим бийик түгөнбөс окуу — улук, Адамда ушул эки артыкчылык.

Бул сөздүн тактыгына өтөм күбө, Акылдан каалашыңча алгын, үрөн.

Окугандар акылдуу, улук болоор, Билимдүүгө түгөнбөс байлык коноор.

Окуу — билим, акылдуу — акыл курап, Билимдүү ойдогусун кабыл кылат.

Билимдин маанисин бил, айтканын ук, Акыл ал, ар балээден кутулуп чык.

5)Лев Толстой: "Жаштардан көп угасың: бирөөлөрдүн акылы менен жашагым келбейт, өзүмчө акыл ойлошум керек. Мен аларга айтаар элем: даяр акыл турса, аны ойлоп табам деп азап тартуунун кажети канча? Даяр нерсени ал да, сапарыңды ула. Адамзаттын күчү ушунда" .

Ырасында эле, качандыр бир замандарда жашап өткөн атактуу ойчулдардын, акын-жазуучулардын сөздөрүндөгү кеменгер ойлор, бийик нравалык принциптер азыр да, космос менен электрониканын доорунда, өз маанисин, өз таасирин жоготпойт. Кыска, так жана айкын формаларга чөгөрүлгөн афоризмдерде адамзаттын не деген руханий тажрыйбасы, не деген этикалык, эстетикалык түшүнүк-корутундулары чагылдырылбаган. Булар болсо - адам пендесинин "тар кыя, тайгак кечүүсү" көп өмүр сапарында жол көрсөткүч катары кызмат аткарып келишет.

Comments


Commenting on this post isn't available anymore. Contact the site owner for more info.
Подпишитесь на рассылку

Маалымат жиберилди. Рахмат!

  • White Facebook Icon
  • White Twitter Icon
bottom of page