top of page

Фольклор тууралуу.

  • janyryk
  • 23 окт. 2020 г.
  • 3 мин. чтения

Фольклор - элдик оозеки чыгармачылык дегенди түшүндүрөт. Жалпы эле көркөм адабият элдик оозеки чыгармачылыктан жана жазма адабияттан турат. Мына ошол элдик оозеки чыгармачылык 1847- жылы англиялык окумуштуу В. Томстун сунушунан киийн фольклор деп аталат. Бул англис тилинде " элдик билим, акылмандуулук " деген маанини билдирет. Фольклордо элдин тарыхы, улуттук белгилери, карым-катнаштары, психологиялары, турмуштук түшүнүктөрү оозеки баяндалган. Мындай чыгармаларда элдин ушундай болсо деген идеялары, үмүт-тилектери, кызыгуулары чагылдырылып, элдүүлүк мүнөзү күчтүү өнүккөн. Фольклордук чыгармалардын жазма адабияттан негизги өзгөчөлүгү булар:

1.Коллективдүүлүгү. Тагыраак айтканда, бир чыгарманын түпкү тегин жалгыз адам түзгөн болсо да, киийн ага көпчүлүк кошумчаларын кошот. Айрым жерлерин алып салат. Кыскасы, автору белгисиз болот.

2. Варианттуулугу. Элдик оозеки чыгармаларда туруктуу текст жок. Бир эле чыгарма мезгили, орду, аткаруучусу жагынан ар түрдүү болуп кала берет. Натыйжасында ар кыл варианттары келип чыгат. Мисалы: "Манас" эпосунун ондон ашык варианттары бар. "Эр Төштүктүн" төрт варианты бар.

3.Традициялуулугу. Мындай чыгармаларда текстинен тартып сюжет, образ мотивдеринде окшоштуктар болот. Алар варианттардан варианттарга, бир мезгилден экинчи бир мезгилге көчүп журө берет.

4.Оозеки болушу.

5. Көркөмдүк системасында туруктуу сөздөрдүн, фантастиканын, гиперболанын көп кездешиши. Реалдуулукка караганда, идеялдуулуктун көп өкүм сүрүшү.

Мына ушул белгилери менен фольклор жазма адабияттан айырмаланып турат. Өз кезегинде фольклордук жанрлар, ой жүгүртүүнүн ушундай оозеки формасы, фольклордук образдар, сюжеттер, сүрөттөө каражаттары жазма адабиятка таасирин тийгизет. Элдик оозеки чыгармаларга макал- лакаптар, жанылмачтар, табышмактар ж. б. кирет. Булардын ар бирине токтолуп кетсек:

Макал-лакап - адамдардын көп жылдардан бери келе жаткан философиялык ой корутундуларын жыйынтыктап, алардын турмуш тажрыйбаларынын негизинен алынган, бир нече сүйлөмдө ойду бүтүрө айткан, тарбиялоо максатында колдонулган фольклордук чыгармалар. "Адам оюнун, акыл-эсинин энциклопедиясы" болгон макалдар дээрлик дүйнөнүн бардык элине таандык болуп саналат, А түгүл айрым макалдардын мааниси окшош келет. Мисалы: "Темир устанын чайыр кесе турган бычагы жок." (Вьетнам), "Желпигич сатчу колу менен желпинет" (кытай) "Боёкчунун шымы боёлбойт" (Жапон), "Карапачынын үйүндө бүтүн идиш жок" (афган), "Кайышчынын камчысы жок" (адыгей) "Устанын тогоосу жок" (Кыргыз). Макалдар элдин турмуш тажрыйбасынан улам чыкканын, алардын жалпы нравалык функциясы бирдей экенин мына ушундан да байкоого болот.

* Эл-эне, жер - Ата.

*Элдин иши эрдин мойнунда.

* Элге кылган жакшылык жерде калбайт.

* Ата -өчпөс чырак, Эне- соолбос булак.

*Эр жигит энеден туулат, эл үчүн өсөт.

*Ак ойлоп, адал иште.

*Калк айтса, калп айтпайт.

*Улук болсон, кичик бол.

*Гүл өссө жердин көркү, Кыз өссө үйдүн көркү.

*Дос табышат, Душман кагышат.

*Атадан акыл, энеден тарбия.

*Жакшыны жолдошунан тааны.

* Ынтымагы бар элдин таалай-багы ачылат.

Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат.

* Билим алуу ийне менен кудук калгандай. ж. б.

Жаңылмачтар. Мунун башка жанрлардан айырмасы адамдардын көңүлүн көтөрөт. Анткени, аны дайыма күлкү коштоп жүрөт. Ошондуктан адамдар кандай татаал сөз болсода аны күлкүгө калбаш үчүн так айтууга аракет кылышат. Жанылмач адамдарды, көбүнчө, балдарды чечендикке үйрөтөт. Анан жалаң эле балдардын тилин өстүрүүнү аркалайт десек, алардын маанисин төмөндөткөн болобуз. Аны угуу жана айтуу процессинде балдардын дүйнө таануусу да өркүндөп, сөз менен иштөөдөгү, сүйлөөдөгү, жалпы эле кооздукту түшүнүүдөгү эстетикалык табити жогорулаган, сөздү издеп табуу, угуу жана кайталоо, саптарды кураштырып ыр формасына салуу маданияты калыптанган, жалпы акыл-эсинин өсүшүнө да бул жанр түрткү берген.

Ак сүт,

Ынак сүт,

Төгүлдү бүт.

Сүттүн агын,

Сүттүн ынагын,

Эми эртен күт.

Сүттүн агынан,

Сүттүн ынагынан ,

Бүгүн үмүтүңү үз.


Ала улагымдын туягында ал асы,

Ала улагымдын кулагынын тазасы ай.

Ала улагымдын туягынын ал асы ай.

Ала улагымдын туяктарын, кулактарын карачы, ай.


Ак сакалдуу аксакал

Сакалынын агын ай.

Аксакалдын ак сакалын абайлап,

Сакалынын агын ал.


Табышмак — дүйнөдөгү бардык эле элдердин оозеки чыгармачылыгында кеңири учураган жанрлардын бири. Табышмактар деп кандайдыр бир затты, көрүнүштү жана башка абстракттуу түшүнүктөрдү өз аты менен атабай, алардын негизги белгилерин айтып, ошол түшүнүктүн аталышын башка бирөөлөрдүн табуусун талап кылган чакан тапшырмалар. Мисалы:

1 Асты таш, үстү таш, ортосунда бышкан аш. ( кенаД)

2Каза берсе түбү жок, кайда жүрсө жүгү жок. (йО)

3. Эки күлүк бар. Биринен бири озот. Алдыны көздөй, кадам созот, (туБ)

4. Бели ичке кылдай.

Бир мүнөт жөн турбай.

Көтөрөт тал куурай,

Өзүнөн кырк курдай. ( аксрумуК)

5. Нөшөрлөп жамгыр басылды.

Күн жаркып нуру чачылды.

Асмандан түстүү боёк жип

Ийилип жерге тартылды. ( ележ нүК)

Comments


Commenting on this post isn't available anymore. Contact the site owner for more info.
Подпишитесь на рассылку

Маалымат жиберилди. Рахмат!

  • White Facebook Icon
  • White Twitter Icon
bottom of page