Элдик оозеки чыгармачылык. Бекбекей жана Шырылдаң
- janyryk
- 31 окт. 2020 г.
- 1 мин. чтения
Бекбекей ыры
Бекбекей качты, бел ашты
Белине белбоо жарашты.
Ийнемдин учун майтардым,
Бүгүн бир короо кайтардым.
Ийнемдин учун түзөттөм,
Ишенбей короо күзөттүм.
Уугумдун учу долоно,
Ууру да, бөрү жолобо.
Ууру бир келсе уштайбыз,
Башын бир айра муштайбыз.
Короомдун учу таман жол,
Кайтарган короом аман бол.
Кыз-келин короо күзөткөн,
Илгертен калган салт ошол.
Ууру келсе уштайбыз,
Бетин айра муштайбыз.
Тоого чиркеп байлайбыз,
Тоого чаап айдайбыз.
Кара тоону этектеп,
Мен коноюн Бекбекей.
Кара макмал тонуңа,
Мен коноюн Бекбекей.
Кара макмал тонуңа,
Жең болоюн Бекбекей.
Кызыл тоону этектеп,
Мен коноюн Бекбекей.
Кызыл жака тонуңа,
Жең болоюн Бекбекей.
Иче турган ашыңа,
Бал болоюн Бекбекей.
Мине турган атыңа,
Жол болоюн Бекбекей,
Күндөп-түндөп жүгүргөн,
Түлкүнүн буту сөгүлсүн.
Түн уйкуну үч бөлгөн,
Көк чунак каны төгүлсүн.
Койдун сүтү коргошун,
Кой уурдаган оңбосун.
Эчкинин суту эрменде,
Эчки уурдаган шерменде.
Бекбекей айтып кыз-келин ээ-ээ-эээй.
Жарыгы түндө ойнойт э-ээ-ээй, адырда
Жылкы кайтарган ээ-ээ-эээй,
Жылкычы жигит кимди ойлойт э-ээ-ээй.
Шырылдаң
Конок тоого бүткөндө,
Кошо чыккан шырылдаң.
Таруу ташка бүткөндө,
Талаша чыккан шырылдаң.
Жылкычы менен коюндаш,
Жанаша чыккан шырылдаң.
Шырылдаң биздин шыйкыбыз,
Түндө келет уйкубуз.
Аман болсо жылкыбыз,
Эртен канар уйкубуз.
Шырылдаң айтып жүргөндө,
Конок менен тарууну,
Жеп кетпесин жылкыбыз.
Шып шырылдаң шыр экен,
Жылкычынын ыры экен.
Карылардын наркы экен,
Жигиттердин айты экен.
Бай, бай терек, бай терек.,
Башын кесмек не керек.?
Эт желиндүү боз койго,
Тели козу не керек?
Ана султан шырылдаң,
Мына султан шырылдаң.
Шыпшырылдаң шыр экен,
Жылкычынын ыры экен.
Comments